байка

китептерде 625 жолу, 10 китепте
  1. Бирөөнүн иштеген ишине, кыймыл-аракетине, кандайдыр бир процесске көз салуу, алдыртан абайлоо, сезип-билүү, баамдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…өсөм да билемин, / Котендеги Козубек, / Азыктагы Алабек, / Жеркендеги Малабек - / Баары кары какчайган, / Сакалы аппак саксайган, / Жамандык келбейт колунан, / Байкап көрсөк алардан, / Ысыккөлдөн Медербек, / Анда турат далай кеп; / Казактардын Курмушу, / Алматыны сактаган, / Атагы бар эр ушу; / Таластагы Татыбек, / Кашкардаг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Акырын айтып шыңк этип, / Эшикти көздөй бет алып, / Басты Көкөй кылт этип, / Билдирбей байкап торгойду, / Көзүнүн жээги жылт этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Батыш менен чыгыштан, / Киши келбейт байкасам, / Келип калса кокустан, / Эл упурап чачылат, / Арада канча киши бар, / Ошонун баары кысылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
эле, / Манастын аты чыкканда, / Балаадан Баймат кутулуп, / Алгыр куштай жутулуп, / Кыйкырып Баймат барыптыр, / Кызык болуп калыптыр: / — Баатыр сени унутуп, / Байкабай балаа бастым, — деп, / Манжудан келген кулуңдан, / Күнөөсүз өлө жаздым, — деп, / Кырааным сени унутуп, / Кыйын балаа бастым, — деп, / Кытайдан келген кулуңдан,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эртең менен байкаса, / Жыйырмасы чыкты чубашып, / Баары тегиз кыз бала. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →