байге
- Ат чабыш, жарыш.
- Ат чабышта, ар кандай жарышта, мелдеште жеңип чыккандыгы же алдыңкы, байгелүү орундардын бирин ээлегендиги үчүн берилүүчү сыйлык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ат байгесин алышып, / Жандай чаап канчасы, / Соогат сурап жанашып, / Ырчылар ырдап жабырап, / Ат менен ээсин жамактап, / Ар экөөнү тең мактап, / Чирене тээп кайкайып, / Кирип келет жалтактап, / Ырчынын антип жүргөнү, / Азын оолак мал тапмак, / Ат ээсинин көөдөнү, / Чыга түшөт чалкактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ит агытып, куш салып, / Он-он бештен котчу алып, / Келин-кызды жыйнатып, / Шерне ичип, той берип, / Байге бөлүп, кунан чаап, / Күлбөйт беле Чигитей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
жатканы, / Кайра басып баратып, / Нескара башын аттады, / Өтүп кетип баратып, / Агыштын ушул айтканы: / — Күйөө болуп, кыз жандап, / Күлкүм менин кана элек, / Байгеге сайган мал-пулуң, / Керек эмес ушунуң, / Кимиң алсаң, аның ал, / Чатагы жок бөлүп ал, / Сенин камчың болбосо, / Жыга албайт элем, кабылан, / Көбүрөөгүн өзүң ал…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ “Келбей калба уккандар, / Бир жүз кырк төрт ашына, / Бир жүз кырк миң алтынды, / Байгеге сайам башына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →