байбиче

китептерде 65 жолу, 9 китепте
  1. Бир нече аялы бар адамдын биринчи аялы.
  2. Үйдөгү оокаттиричиликти башкарып, жашабыраак калган аял.
  3. Улгайган аялдарга карата урматтап кайрылуу иретинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Былк этпей жатып үйүңдө, / Байбичеңдин төрүндө, / Хан Жакып деп калгандар, / Келип турса күнүгө, / Ошонуң ыраат эмеспи, / Карып калган күнүңдө! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сен дөбөтсүң, мен канчык, / Дөбөттүгүң бей керек, / Канчыкка колуң талатып, / Алмак элең жана эле, / Токол кылып мени сен, / Байбиче көзүн каратып, / Элиңди бузуп-чачпасам, / Ар кайсы жакка таратып, / Талпагың ташка керейин, / Азабың колго берейин, / Эл кечсе да Сарыбай, / Мен кечпейим күнөйүң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сары абамдын байбиче, / Уулбийке энеге, / Өлүп калды журтунда, / Көрө салып Канчоро, / Жарып салды журтуна! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Тагдырым ушунун колунда тургандай, ааламга аян болгон байбиченин алдында, анын чечимин күтүп, байлоого түшкөн кулдай уңкуюп, мен отурам. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →