базарчы
- Базарлоого барган адам.
- Базарга көп барып, базарда соода-сатык жүргүзүүчү адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Базарчынын жолу эле, / Бай-жардысын билгисиз, / Бакалчысы мол эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сөзүңдү айткын тим эле, / Жолоочу болсоң жол мына, / Базарчы болсоң мал мына, / Базар болсоң үй мына, / Байланган бейбак мен мына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →