базар

китептерде 54 жолу, 7 китепте
  1. Белгилүү күндөрдө, көбүнчө дем алыш күндөрүндө болуп, калкка кеңири керектелүүчү товарлар, азык-түлүк ж.б. сатылуучу соода-сатык.
  2. Соода-сатык жүргүзүлүүчү жай. Колхоз базары.
  3. Майрам күндөрүнүн алдында же мезгил-мезгили менен белгилүү бир товарлар боюнча жүргүзүлүүчү соода-сатык.
  4. өт. Ызычуу, дуу-дуу.
  5. өт. Күч-кубаты толуп турган жаш курак, кызыктуу мезгил.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калдыктан качып базарга, / Баралбай жүрдүм аралап, / Ата тегим өзүбек, / Калмакка кантип тийем, деп, / Билинбей жүрдү мааналап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Алгара аттап сепилден, / Шаар ичине киргенде, / Эл жайнаган базардын, / Ортосуна түштү эле, / Коңурбай түшкөн базарды, / Уаң базары дечү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сөзүңдү айткын тим эле, / Жолоочу болсоң жол мына, / Базарчы болсоң мал мына, / Базар болсоң үй мына, / Байланган бейбак мен мына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Өзүнүн өмүрүндөгү кесиби — жакын арадагы базарлардан барып, насыбай алып келип, ошону айыл аралатып, кыдырып сатат да жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Султаналы сыйкырдуу бешмантты көп кийип күндө базарга барат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →