бажырай

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Көздөрүн чоң ачып кароо, көздөрү жайноо, балбылдоо.
  2. Жайнап, бадырайган көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ка барып айыкпай, / Жайдары Манас өзү өлөт, / Агеркеч көмсүн сөөгүңдү, / Алымбайдан жүктөтүп, / Узатайын өзүңдү, / Атаганат тирүүңдө, / Айта албадым сөзүмдү, / Бажырайган бак ээси, / Көрө албай калдым көзүңдү, / Албай мен да өлөөрмүн, / Коңурбайдан өчүңдү! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Таенем көзү бажырайган, балпайган, чоң кара байбиче. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →