бажыра
- Бак-бак этип чечилип сүйлөө, көп сүйлөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каңгайга барды кара нээт, / Мына минтип бажырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Башка жакка барбаган, / Башкадан кабар албаган, / Бажырап Турна кеп салып, / Кагазын алды калдайып, / Хан абаңа деп салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жаагын баспай жабырап, / Төкпөй чачпай так сайрап, / Көргөнү менен укканын, / Баарын айтты бажырап, / Тиктеп калды Сынчыбек, / Тил байланып жалдырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жайын айтып жабырап, / Жашырбай айтып бажырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— / Деп, Керимбай сурады, / Жээнбай сүйлөп жабырап, / Баштады кебин бажырап: / “Колума жазып кат бердиң, / Тай сойуп, этин бышырып, / Жоргого артып жибердиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →