бажылда

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Баж-баж этип көп сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мен жеткенде четине, / Бирөө келди бетиме, / Аңгеме дүкөн курадым, / Кетмен алып колуңа, / Талкала деп көмбөздү, / Буйрук кылып тургамын, / Менин кебим укканда, / Катындын баары ажылдап, / Калбай баары бажылдап, / Качырды бирөө түз мени, / Көзүнүн оту жалындап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бажылдаша талашып, / Бир кеңешке тынышып, / Тогуз чоңго астыртан, / Кабарга жигит чаптырган, / Чубата үйдү тиктирип, / Түндүктөн күндү көрсөтүп, / Түтүктөн сууну ичирип,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Келип Жолой күүлөнөт, / Алп Коңурбай баштаган, / Бардыгына сүйлөнөт: / — Базарда жаткан жакырлар, / Малдын жайын билбеген, / Бажылдаган капырлар, / Ардык кылды бурут деп, / Жылкыны айдап үркүтүп, / Антип жүрүш кайсы кеп?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ет, / Үйүң толгон аш болсо”, / Темсил айтат карыңыз, / Тилимди алсаң келгендер, / Бүлдүргөчө бир неме, / Олжо деп мындан албаңыз, / Болот, болот, болот, деп, / Бажылдап сүйлөп жөнөштү, / Ат атына жабылат, / Тогуз күндө бара албай, / Он бир күндө барыптыр, / Той бере албай үй тигип, / Эл чакырдык келет, деп, / Эки күн туруп кал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →