бажы

  1. Ар кандай жүк, багаж, почта, товар ж.б. чегара аркылуу өткөрүүдө эсеп, көзөмөл жүргүзүп, пошлина алып туруучу мамлекеттик мекеме, (таможня).
  2. Бир мамлекеттен экинчи мамлекетке өткөрүлүүчү товарлардан акчалай алына турган өкмөттүк салык.
  3. Мамлекет тарабынан жургүзүлүп, жөнгө салына турган кээ бир тейлөө кызматтары үчүн алынуучу акчалай алым.
  4. тар. Малдын эсебинен алынган налог, малга салынган салык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.