бадырай
- Көз чоң ачылып, бакырайган көрүнүштө болуу.
- Даана, таасын көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалганын-чынын билүүгө, / Жайын айтып үй-жайдын, / Мадананы жумшады: / — Мадана ага, бар, — деди, / Мен айтамын далай кеп, / Чыгарбай эске ал, — деди, / Эңиш тартып, жол басып, / Маңдайдан шордоп тер агып, / Көп жапаа менен барасың, / Бадырайга дандуу үй, / Айылды көрүп табарсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Батышты басып алгансып, / Бадырайып балбансып, / Демиңди жыйбай дардакшып, / Чыгышты карай бет алдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айкөл Манас баатырдын, / Күмбөзү турса заңкайып, / Коргону турса даңкайып, / Бакай менен Манастын, / Бактары турса карарып, / Азуусун айга бүлөгөн, / Ак калпак кыргыз эл турса, / Бай чечекей башында, / Бадырайып калдайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…онуп: / “Серек болсо тирүүсү, / Өлүктү алып кетет, -деп, / Аркасынан жөнөсөм, / Аркы бетте жетем, — деп, / Серекке кошуп Манастын, / Башын кесип кетем” –деп, / Бадырайып турганда, / Минген аты дагы көк, / Жетегинде дагы көк, / Желмогуздай келайтат, / Жарыша чуркап эки көк.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Сарыбайдыкы Кең-Суунун ичинде, алыстан бадырайып турган эки ак үй эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →