бадыра
- Барс-барс этип жарылуу, тарсылдоо (мисалы, куурулган таруу, жүгөрү ж.б.).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…л бет келди, / Бирин-бири качырып, / Ыргыта сайам деп келди, / Кандуу найза бөрү тил, / Карс дедире кагышып, / Кайта айланган кездерде, / Баш аламан сайышып, / Бадыратып салышып, / Баштары кызыл челектей, / Жошулган канын агызып, / Кара бойу дал болуп, / Кармалбай колу шал болуп, / Дабытай менен Акжолго, / Кишинин баары таң бол…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тешикке кулжа жете албай, / Же тебелеп өтүп кете албай, / Басты карай салыптыр, / Бадырап качып алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бул Сыргактын найзасы, / Бадыратпай койобу, / Тогуз кабат топчулук, / Токтоо кылбай үзүлүп, / Тоодой болгон Суктанма, / Бир сайып төөдөн түшүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ө найза сайдырбай, / Сайдырбай да кактырбай, / Капталга муштап өтүү эми, / Үч кабат темир күрөкө, / Торгой көз темир бадана, / Тоскоолдук кылбайт төрт кабат, / Бадырап чыкты эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Баш бербеген адамды, / Бадыратып ургузган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →