бадирек
- Теги жаман, тукуму начар.
- өт. Эч нерсени аңдабаган, оңбогур.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сабы калды Сазанда, / Белинен сынып бул найза, / Учу асманга атканы, / Колунда калган сап менен, / Күүлөп келип бадирек / Чамакташты чапканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мас болгон нардай кеңгиреп, / Этек-жеңи делбиреп, / Бадирек турат тултуйуп, / Туулгасы тумтуйуп, / Сакалы жок мултуйуп, / Ачып көзүн каранып, / Эрди-мурдун жаланып, / Төбөсүндө чыккан чач, / Үрпөйүп бирден саналып, / Жа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Атым Кыргыл болгону, / Алтымыш жашка толгону, / Мүңкүр кылган жалпыны, / Мындай кордук болбоду, / Бул бадирек кытайдын, / Жаныма батты чоңдугу!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Калча, / Арстан бала Сейитти, / Бучкагына теңебей, / Теңби деп мага кенебей, / Каары менен Гүлүстүн, / Калыбектин Калчасы, / Кара жандан түңүлүп, / Менменсиген бадирек, / Кыймылдарга ал калбай, / Деми сууп, дени өлүп, / Көргөн жандын баарысы, / Көзүнөн жашы төгүлүп: / “Алда кандай бенде, — деп, / Каары катуу эр экен, / Тирүү …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бабырап Током күүлөнүп, / Баштады кебин сүйлөнүп: / Бадирек, Коңур, оңбойсуң, / Минтип жүрсөң сойлойсуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →