бадана

китептерде 47 жолу, 7 китепте
  1. Эпосто: баатырлар кийүүчү ок өтпөс тон, соот.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лыгы билинип, / Белде кемер үзүлүп, / Бүтүн калбай бүчүлүк, / Найзанын учу мукуйуп, / Балтанын мизи түйрүлүп, / Кылычтын мизи кетилип, / Чокморлору былчыйып, / Бадана тондор бурчулуп, / Олпоктору жыртылып, / Ичтен кийген буулумдун, / Этектери кырчылып, / Торгой көз темир күрөөкү, / Тарпы калбай бузулуп, / Жаалы салып карашып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ңгырап, / Жолум үйдөй Чойун баш, / Такымына кысыптыр, / Туулгасын көмөрүп, / Баары темир көгөрүп, / Көөдөнүндө чарайна, / Далысында калканы, / Торгой көз темир бадана, / Беш кабат катар кийгени, / Тизесинде кисепче, / Үзөнгүдө калдыркан, / Алдынкы ээрдин кашында, / Жойкумасы байлалуу, / Эки миздүү канджардан, / Алтоо-жетөө к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Баданаң менен атыңдын, / Башы болсун сеники, / Күдөөрүң үзүп тим калба, / Күчү болсун меники – / Алмамбет андай дегенде, / Көкчө мындай деди эле: Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…дой жарданып, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Кыл муруту бириндеп, / Каары жүзгө айланып, / Алмабаш мылтык, Акшамшар, / Балтасы болот таш чабар, / Торгой көз темир бадана, / Үштү кийип кабаттап, / Туулганы башка көмөрүп, / Кийгени темир көгөрүп, / Кылычты салып кынына, / Ай балта байлап жанына, / Найза колдо заңгырап, / Кытайча … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Боор олоңун бек тартып, / Алмамбеттин бадана, / Сары алтындан көздөгөн, / Самсыган кытай Бейжинде, / Салтка кийген тон ошо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →