бадалдуу
- Бадал өсүмдүктөрү өскөн, бадалы көп (жерге карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бадалдуу терек токойго, / Шумкарды шилтеп ийгенде, / Кырголду мычкып шумкары, / Чытырманга киргенде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мен мынабу кырдан аша бергенде, тээтиги маңдайда алыста жыбырап кой жайылып жаткан бадалдуу бийиктен бирөө заңгырап сайды көтөрүп коё берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бадалдуу бетке миң койду жайып таштап, өзү тоонун кылда башынан таягын таянып эңиштеп туруп алып, теңи жок бийик уккулуктуу коңур үнү менен сайды жаңыртып бирде көтөрүп, бирде калтыратып барып, салып кеткенде дүйнөдөгүнүн баары мырс этпей, жалгыз ошону тыңшап тургандай болуучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →