бадал

китептерде 15 жолу, 8 китепте
  1. Карагай, терек сыяктуу бийик жана ирдүү болуп өспөстөн, бир кыйла жапыз, ичке жана көбүнчө топтолуп түп-түп болуп өсүүчү майда жыгач өсүмдүктөр, караган-буталуу өсүмдүктөр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балта менен найзаны, / Баатыр Асыл какканы, / Бадаланын найзасын, / Кыйрата чаап таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Салмагынан жер солкуйт, / Тиктесе көзү көл толкуйт, / Каш-кирпиги бадалдай, / Колунда жарак деги жок, / Келе жатат тайманбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Таштап берип үй-жайды, / Оокат-түлүк, бар малды, / Бадалдарга жашынып, / Маанектедик сай-сайды, / Ыйлатпастан көтөрүп, / Бешиктеги балдарды, / Төшөгү менен көтөрдүк, / Кемпир менен чалдарды, / Ушинтип жүрүп курган эл, / Ө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Түлкүсү күндүз жойлогон, / Элик менен кураны, / Бадалга чуркап ойногон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Кыштын күнү кызыл кыргоол жээктеги бадалдан койкоюп чыгып, чаңкаганын жазыш үчүн астындагы чон-сууга кирди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →