бада
- Ар түрлүү ээликтеги уйларды жайытта чогуу откоруу үчүн күндө жыйналчу уйлардын тобу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сегиз хан элин чакырып, / Аскер жыйнап жам кылып, / Тегеректеп кыргызды, / Алабы деп кар кылып, / Баралы бирге дегенбиз, / Бадакшанга чогулуп, / Аңгычакты Каракөз, / Бактыбайга катышып, / Бейкут жаткан кыргыздын, / Баарына кабар угузуп, / Катын алды Жасанды, / Калкын кылды каранды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Олуйа Кошой кыргызда, / Айылда Көкчө казакта, / Өзүбекте Сынчыбек; / Бадакшанда Малабек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чоң атам аты Бадыкүл, / Өлтүрүптүр Манасың, / Атамдын аты Мадыкүл, / Семетейден өлүптүр, / Ата мурас купумду, / Үч тарапка бөлүптүр – / Кара калпак, түркмөндү, / Чамбыл белге ээ кылып, / Шаңкай менен бараңды, / Башы ачык эл кылып, / Калча, тажик, жүржүткө, / Бадакшанды жер кылып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бадакшандык, балыктык, / Жылкынын этин жебеген, / Кымызды ичип көрбөгөн, / Алты шаар, Анжыдан, / Булардан жакын көрбөгөн, / Ташкен менен Самаркан, / Бөлүнүп чыкты арадан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Жыйналган жерибиз бада чогулчу көпүрөнүн артындагы жалгыз үйдүн жаны.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →