багыт
- Бет алган жак, белгилүү бир тарап.
- Белгилүү бир максатты көздөгөн жол.
- Аймак, белгилүү бир жер.
- Агым.
- Иштөө жолу, ишти кандайча жүргүзүү боюнча көрсөтмө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дүйшөнбүнү көрбөдүм, / Көрбөсөм да билемин, / Адам сейрек, жери аз, / Тулаңы жок какыр таш, / Каты багыт жердеген, / Башкадабы андабы, / Чойун кулак кайда экен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жазгы көргөн түш үчүн, / Жакшылык багыт иш үчүн, / Кайыр мындан кечейин, / Тар кыйада капташпай, / Табармын бир күн эсебин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жер ачылды күн тийип, / Келген жагы кай жакта, / Кетер жагы кай жакта, / Таба албай калды эр Чубак, / Багытын толук ал билип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Адашып жолдон калыпмын, / Лахасанын шаары», — деп / Жана айланды Айчүрөк, / Көзүнөн жашы дыбырап, / Күн багыт көздөй бет алып, / Тептегиз тоону кыдырат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Биз үчөөбүз бир жүрсөк эч нерсе таба албайбыз, үчөөбүз үч жол менен үч багытка: бирибиз батышка, бирибиз чыгышка, үчүнчүбүз кыбылага карап бөлүнүп кетели.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →