багымдат

китептерде 4 жолу
  1. Таң, таң жарыгы, таң аткан маал.
  2. Таң аткан маалда, эртең менен эрте окулуучу намаз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төрт ирекет багымдат, / Төптөп окуп алды эми, / Намазды окуп болгон соң, / «Табарикти» жат айтып, / «Жаасын» деген сүрөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Өткөрбөй турган кыйын карыз, / Төрт ирекет багымдат, / Төп-төп окуп алды эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Өзүң көргөн багымдат, / Өткөрбөй окуп алды эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →