багым
- Кайтаруу, көз салуу, багуу аракеттери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…анын, / Көкбөрү жуткуч улады,- / — Хан Каракөз айткан кеп, / Кулакка сонун жагымдуу, / Бас десем бастың баарыңар, / Тур десем турдуң ханыңар, / Маңдайга бүткөн багым бу, / Тажиктен башка беш урук, / Ээрчип келдиң калдайып, / Булутка минген чагым бу, / Беш бөлүнүп беш улук, / Таласка кылгын чабуулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көрө салып Чигитей, / Жылмыйып күлүп жиберди: / “Жыргап жаткан немедей, / Бир-бирден келген экен, — деп, / Ачылып багым ченебей!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Баашалык минген тагым бар, / Маңдайымда багым бар, / Жаакташса жаңылбас, / Иш билги жайым дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ачылган экен чоң багым, / Сага окшогон туйгунду, / Жолдон таап, мен алдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ушундан он чакты күн өтпөй багым ачылып, Караколдон келген бир орусту таппасмынбы.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →