багуучу
- Үй айбандарын, канаттууларын багып өстүрүүчү, асыроочу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келбетиңден карасам, / Эл багуучу сыйагың, / Адыл болчу кейпиң бар, / Ар кимге кылган сурагың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Сейтек: / — Аттан бирди алып кел, / Ылдамыраак жетелеп, / Бастырамын эртелеп, / Анда Чүрөк кеп айтат: / — Кой, Сейтек чунагым, / Боло элексиң жаш толуп, / Мал багуучу убагың....
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Асты агын кара суу, / Өзөнү токой тикендүү, / Керүүсү жайык тулаң чөп, / Төөгө ылайык жер болчу, / Беш төөсүнө бир киши, / Токсон алты санаты, / Бирөө катчы, бир чайчы, / Бири эшик багуучу, / Өзү менен төрт экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Карагул арам, капыр кул, / Каталдын уулу чочконун, / Абалтан жылкы багуучу, / Анын иши мына бул.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →