бабыра
- Көп сүйлөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Алды-аркасы качкандар, / Бирин-бири карашып, / Күйүшүп жүрүп табышты, / Катышып келип кыргыздан, / Катыгүн кордук көрдүк, деп, / Бабырап кебин салышты, / Жайма сүйлөп жажалап, / Жаагы талып калышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…Керимбай, / Бүгүнкү күнү Медеркан, / Ойлонгону жамандык, / Хандыгын таштап талаага, / Кара башы балаага, / Капкайда кетип бараткан, / Башкага басып баралбай, / Бабырап кебин салалбай, / Жедигер жетип баралбай, / Жеткирип кебин сала албай, / Тамтаңдап жүрүп эки жыл, / Аты ыргай болгондо, / Бити толуп семирип, / Чоңдугу торгой …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ээктери эбиреп, / Жаактары жабырап, / Кеп салышып бабырап, / Коросон,испан элдери, / Кол куушуруп ханына, / Колбуп келип турду эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Байлаган менен Чубакты, / Алып кете албады, / Болгун, тарткын, болгун, деп, / Бабырашып жатканда, / Баатырыңдын ач албарс, / Ага сыйкыр даарыбас, / Тирүүлүктө пендеге, / Мындай сонун табылбас, / Кынынан тартып алыптыр, / Кызыл кыргын салыптыр, / Бошотуп тордон ошондо, / Кутулуп Чубак калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…гү ыргып болк этти, / Асман тиреп дүрүлдөп, / Күйгөн жалын жок болду, / Сыйкырланган көпчүлүк, / Көздөрү көрүп жаркырап, / Кулактары шаркырап, / Тилдери сүйлөп бабырап, / Сейитимдин жанына, / Чогулушту жабырап: / — Шумурай канчык бир келип, / Бизди салды санаага, / Таш кылып койо жаздады, / Шоркөлдүн кара талаада, / Арстан эр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →