баашайы
- Кол менен токулган жибек кездеменин бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н жүнүнөн, / Килем соккон термеден, / Өлүп кеткен кишини, / Быйдана төшөп алдына, / Термеге ороп жердеген / Бейкасам менен шайыны, / Жибектен жасап түрдөгөн, / Баашайы башка кулпуруп, / Тоту куштай гүлдөгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Акбарсылдак, кызгалдак, / Кемирчек менен мандалак, / Козукулак, бээ эмчек, / Жөргөмүш менен кымыздык, / Балжууран менен ышкындык, / Томотой менен карагат, / Жермыйаз менен бүлдүркөн, / Жердин бети бүр экен, / Баашайы түрүн салгандай, / Барысы жердин гүл экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →