баатырсын
- Өзүн өзү баатыр катарында көрсөтүүгө аракет кылуу, баатыр көрүнүмүш болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баатырсыңбы, алпсыңбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыргызды жоолап берем деп, / Баатырсынып мен алдым, / Анда билбей алыпмын, / Кененим жанды аларын, / Эми алтын берип, мал берип, / Тандап сулуу кыз берип, / Маана болор бир байды, / Билбеймин кайдан табарым!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Атыңдан түшпөй келдиңби, / Баатырсынып намыстан?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айбалтанды чың карма, / Сен да өзүнчө баатырсың, / Айалуу жаның капырсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бакдөөлөт сайып түшүрдүм, / Баатырсынган оогандын, / Минтип ишин бүтүрдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →