баатыр

китептерде 2722 жолу, 10 китепте
  1. Жоого каршы күрөшүүдө, салгылашууда эрдик көрсөткөн, ар кандай коркунучтардан жалтанбаган, тайманбас, эр жүрөк адам.
  2. сын. м. Жүрөктүү, тайманбаган, жалтанбас, кайраттуу.
  3. Албеттүү, алп мүчөлүү.
  4. Бирөөгө урматтоо, кадырлоо иретинде, кээде тамашалоо иретинде кайрылганда колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кытайдан чыгып таарынып, / Аралаган алашты, / Чендеп келген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Баатырдын жолун жолдойлу, / Ыйык Ата Мекенди, / Манаска окшош коргойлу! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Мас болуп Көкчө жыгылды, / Баатыр Алмаң не кылды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Баатыр тулпарын минип кетти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →