баары

китептерде 2249 жолу, 10 китепте
  1. Бардыгы, бүтүн, бүткүл, жалпы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Укса болот көңүл кир, / Жамандык жерге жашынбайт, / Ашкере чыгат баары бир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алы канча экенин, / Кененим анан чактасын, / Уккан жандын баарысы, / Дабытай деп мактасын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
- / Баатырдан нечен эр келип, / Агытып ийди үч пилди, / Булаңдатып тумшугун, / Дүмүрөңдөп жүгүрүп, / Такыр баары бүт келип, / Чуулдашат аламан, / Бирине бири дем берип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Адашып кеткен Сейитек, / Атанын тапты конушун, / Аралап келди жер көрүп, / Жетитөрдүн баарысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →