баар1

китептерде 46 жолу, 7 китепте баар 2 →
  1. Жаз алды, көктөм, Жаңы-Арыктын жүздөгөн жардылары эрте баардан тартып эле алакандай жерлерин кетмендеп, урук сээп коюшту (Абдукаримов).
  2. Жаз, жаз мезгили.
  3. өт. Көңүл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сайдырбай найза кагышып, / Канча түркүн сайышып, / Балталашып чабышып, / Баардык күчүн арнашып, / Найза менен балтадан, / Пайда таппай алардан, / Кылычты кындан суурушуп, / Кыйкырышып урушуп, / Кылычтан тапкан айла жок, / Калды деми суушуп,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Баарыңарды кетирип, / Баардык ишти бүтүрүп, / Кызды ээрчитип мен барам, / Жүйрүн кайда, кыз кайда? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
- / Деп бакырып Чынаача, / Жарлык кылды калкына, / Бүткүл ооган жалпыга, / Асабанын баарысы, / Кыргызды карай кылкылдап, / Жылып келе жаткандай, / Жердин бети былкылдап, / Балбандын баарын торунан, / Баардыгын бирдей агыткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атасы Манас кан ичме, / Кадамы жеткен баар жерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Баардык эл чыкты бүлкүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →