баамда

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Байкап билүү, баам кылуу, белгилүү бир ойго келүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Агарган кезде темирди, / Сабынан Кенен кармады, / Баамдап туруп эрнеме, / Дал киндикке сайганы, / Боортоктой түшүп бир ныктап, / Жерге ныктап салганы, / Ачуу үн чыгып өкүрүп, / Ошондо салды айгайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…о куйуп бургуйлап, / Аркадан шамал аркырап, / Күн чагылып чатырап, / Багдаттык менен жөөттөр- / Баарысы коркуп калтырап, / Шай колдогон Кененим, / Шашпай туруп баамдап, / Зуулдаган үндү улап, / Ак тинте шилтеп өттү эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Менин жайым баамдап ук, / Анык жайым сага мен, / Ачык айтып берейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Мунун «күлүктүгүн» ошондон баамда: кээде, баласын урам деп айгырын минип алып кубалаганда, жөө немеге жетпей калуучу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →