баалуу
- Баасы жогору, кымбат.
- Зор маанилүү, керектүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Темиркандын Ысмайыл, / Бешке чыккан бала экен, / Орускандын ошондо, / Үрпөк деп кызы бар экен, / Кылжейренде Карахан, / Сөйкө салып ошого, / Башына берген чагы экен, / Бир күнү жарап жуп кызга, / Кылжейрен баалуу мал экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Табылабы жылкынын, / Мындай сонун элеси, / Айбандан баалуу күрөң ат, / Берүүгө келген кезеги, / Байлалуу турган кадаада, / Үртүгүн Күрөң алдырып, / Кенептен нокто салдырып, / Карматып Ажым чылбырын, / Алгын деп тура берди эле, / Күлүңдөшүп эки улан, / Күрөң атты жетелеп, / Дердеңдеп кирип келди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыздар тандайт кийсек деп, / Кымбат баалуу кундузду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыйналыптыр эл десең, / Кымбат баалуу өзүң бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Анын үч уулу болуп, күндөрдүн биринде падыша үч уулун чакырып алып: "Силер мага кымбат баалуу бир нерсе сатып келгиле.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →