баала
- Наркын, баасын белгилөө, баа коюу.
- Бирөөгө, бир нерсенин же иштин сапатына, өзгөчөлүгүнө кандайдыр бир маани берүү, белгилүү бир даражада баа берүү, урматтоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Биригишип “беш жаман”, / Коркутуп кирген түш жаман, / Короодо турса көп душман, / Жалгыз кара бир башын, / Сан миң колго баалаган, / Сайышып турса жаш балбан, / Не кыларын биле албай, / Медеркан башы айланган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тийсе болот-уу кошокон, / Салдым эле дарыны, / Баалап кетип Кененим, / Талаада өлүп калганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Буруттун малын ал дешип, / Абылтай деген бар эле, / Жетимиште чагы эле, / Карылыкка жөлөнүп, / Жаадай бойу бүгүлүп, / От жанында олтурчу, / Сакалына түкүрүп, / Алты ай жатты былк этпей, / Азабын айтып кыңк этпей, / Абылтайды өлүмгө, / Калмактын эли баалаптыр, / Барбы жокпу Абылтай, / Эсепке муну албаптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Коңурбай алдап чакырып, / Семетей кетип калганда, / Кайнап жаткан Каңгайга, / Эр Семетей, Гүлчоро, / Канчоро – үчөө барганда, / Алдап туруп Коңурбай, / Кунга баалап жер алып, / Семетейден мөөр алып, / Алгара менен качканда, / Тегеректеп калмактар, / Барабанын какканда, / Түтүн кылып майданды, / Токтобой мылтык атканда, / А…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Төө ойлонуп: "Бул көп олжо экен, булардын коюн алыш керек", – деп өзүн он койго баалап, тартайып чөгүп, мойнун сунуп, көзүн сүзүп жатып берди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →