баабедин
- Орто Азия элдеринин эпосторунда жардам суроо, жалынуу иретинде кайрылганда айтылуучу Бухаранын колдоочусу Бахауддиндин тыбыштык жагынан өзгөртүлүп колдонулган аты.
- Ар түрдүү кырсыктардан, жамандыктан кутулуп калсак экен деген тилектеги же ар кандай кырсыктардан аман калгандыгын белгилеп коюу максатын көздөгөн курмандык, диний ырым-жырым.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ур бөжөк, / Кулагын тиктеп жапырып, / Кетип барат жөжөңдөп, / Бөжөң-бөжөң желишип, / Бөлөкчө сонун келишип, / Көрүп турган кыргыздар, / Бир-бирине туйгузбай, / Баабедин айтып ийишип: / Кызыл чаар жуп жолборс, / Жолуккан бенде соо болбос, / Жандап чуркап алыптыр, / Манаска болуп ал жолдош: / Сонун иши дагы бар, / Түргөн чийдей …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Башында Манас кол берген, / Баабединин Ак эшен, / Дубана пирим так эшен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Манастын уулу эр Семең, / Сууга кирди чуратып, / Жардын башын уратып, / Кирген жерде жоголуп, / Сүрдүгө түшүп оңолуп, / Багалеги малынып, / Баабединге жалынып, / Этек-жеңи малынып, / Эшендерге жалынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Эми келе жатат — деп, / Баабедини башында, / Баштап жүргөн немеси.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Учу этке жетерде, / Тепчий өтүп кетерде, / Шай колдогон түгөнгүр, / (Айткан сөзүм күмөндүр) Колдобосо неткени, / Колдоочусу баабедин, / Кызыл бала жылаңач, / Шашылып буга жеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →