аңыраңда

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Өкүмдүк кылып омуроолоо, оройлук менен опурулуп бир тийүү.
  2. Анча-мынча добушка окшобогон үн чыгаруу, күрүлдөп-шарылдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каракөз жакын келгенде, / Кайраты артык кабылан, / Кылычын салып кынына, / Үзөңгү теппей минди эле, / Нардай болгон тору атка, / Каскактуу найза кармады, / Каракөздүн найзасын, / Кагып ийип кабылан, / Каңтара сайып салганы, / Аңыраңдап келгенде, / Аңтара сайып салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Адамдан бетер сүйүнүп, / Тамандары айыгып, / Аңыраңдап түйүлүп, / Тектирден теке алганы, / Текенин кардын жарганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →