аңырай
- Оңураюу, арасы же оозу чоң ачылып калган абал.
- Таңыркап оозду ачып калуу, аңкайып туруп калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Кабыргасын каркайтып, / Тоногон төөдөй тартайтып, / Талаага чыгып топ кылып, / Кыйан жыйган чабардай, / Кемерге жыйып тоо кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Аңырайган жол кылып, / Саранжанын кошууну, / Тең жарымы кырылып, / Таң агарып атканда, / Тараза жылдыз батканда, / Калмактын калкы башталды, / Туш-тарапка качканга, / Ас…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аттардын оозун бурушту, / Аңырайган чочколор, / Кеңколду карап турушту, / Койундан дүрбү суурушту, / Кеңколду көздөй сунушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
деп, / Акыл ойлоп алайып, / Аңырайып далайып, / Кара бойун жыйнабай, / Карап калды шалайып, / Кошулмак болду мага деп, / Дабытай турат данайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көтөлөк көздөй жылышып, / Күндө кызык кылышып, / Баштап жүргөн Манасы, / Он беш күн болду дегенде, / Нарынына барбаспы, / Баары качып буруттан, / Нарындын шаары бузулган, / Аңырайып эшиги, / Ар жерде ити улуган, / Акылынан шашыптыр, / Алтайды көздөй качыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Мен өксүп калып, өйдө көтөрүлүп бараткан жоруга оозумду ачып, аңырайып калыпмын.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →