аңыр1

китептерде 14 жолу, 6 китепте аңыр 2 →
  1. Канатында, куйругунда карасы бар, күрөң түстүү, өрдөккө окшош жапайы куш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Токтобой тоолор козголуп, / Суу чайкалып чулкулдап, / Ак сазаң балык жылтылдап, / Кара суунун буткулда, / Жайнап жаткан канаттуу- / Каз-өрдөк учуп каркылдап, / Аңыр учуп аңкылдап, / Каракунас, көк кытан, / Таманын суудан тарта албай, / Канаттары салпылдап, / Асманга учуп чыга албай, / Суунун бети шарпылдап, / Коргошун, кол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аңырып жүргөн акмалап, / Кыргыз болуп жүрбөгүн? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Дайыны болуп мурунтан, / Алмамбет Көкчө келди, деп, / Аңырты анын угулган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…акылдап, / Шылдың кылган немедей, / Саның чаап шакылдап, / Көбүргөндөн жабырып, / Көтөрүп алып көөдөнүн, / Учуурчу каздай баркылдап, / Өзөндө сууну бойлогон, / Аңырдан бетер аңкылдап, / Кээ-кээде өзү ыржайып, / Кабаган иттей ажылдап, / Шамалда учкан чар карка, / Чөкө таандай чаркылдап, / Малайларын башкарган, / Кожойундай бар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Канатын көрүп караанын, / Кыраакы турган Токоңдун, / Кыраандыгын карагын; / “Аңыр келчү алдында, / Келгин маалы эмес, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →