аңылда1

китептерде 10 жолу, 4 китепте
  1. Катуу үн чыгарып обу жоктук менен айтуу, кыйкыруу.
  2. Шамалдын же желдин ышкырып, аркырап өткөн абалы.
  3. Ээн болуу, бош калуу.
  4. Ичте эчтеме сактабай, ачык айта берүү, жашырбай айтуу, ачык-айрым, даалдаган мүнөздө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ан кагылды, / Ойдоку тоолор оңулдап, / Зоңкойгон тоолор зоңулдап, / Керме тоолор каңгырап, / Чирик жар көчүп таш кулап, / Кош кыйкырык үн чыгып, / Туш тараптан аңылдап, / Башкача болуп Йобалы, / Кызылдан чапан жамынып, / Кыйгактуу найза колго алып, / Ары баатыр, ары хан, / Ачууланып чамынып, / Шерматканга Йобалы / Качырып най… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененим мындай дегенде, / Ачуусу келип ал деген: / — Аңылдаган ким элең, / Кудайды кудай билбеген? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аңдабай өзүң алыңа, / Айланып келдиң жаныма, / Ачуумду ого курчутуп, / Аңылдап алдың бир кыйла. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
- / Анда Бозуул кеп айтат, / Акыраңдап бек айтат: / — Аңылдаба, Ырчы уул. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алың келсе алгын — деп, / Алың мага келбесе, / Аңылдабай жөн Манас, / Аңырайып калгын — деп, / Бастырып Жолой калганда, / Жандай түшүп эр Манас, / Жаагын айра чапканга, / Элебей да, кенебей, / Куйултуп канын ченебей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →