аңыз2

китептерде 3 жолу, 2 китепте аңыз 1 →
  1. Кызыктырып эңсете турган имиш сөз; эл оозуна алынып, даңаза болуп кеткен кабар.
  2. Уламыш, жомок сөз.
  3. өт. Калп сөз, жалган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Анда Манас байаны: / — Өзүңө издеп катынды, / Имиштеп угуп аңызды, / Кыз чалыгар бекен деп, / Кыдырып жүрдүм айылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…да үйгөн таш, / Белгиси болуп келайтты, / Көрүп келген элдер бар, / “Тулпардын башы” деген бар, / Божомолдуу түкшүмөл, / Телкызылдын башы, деп, / Айтыла келген аңыз бар, / Арстан Манас айкөлүң, / Санаада түркүн ой ойлоп, / Аркайган кара тоо бойлоп, / Агын өөдө келайтты, / — Музбурчактын өлүгүн, / Аккулага кошо артты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Музоолорду бир аңызга таштап коюп, көйнөгүн алдына жайып салып ырсыйып, битин карап отуруптур. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →