аңтарыл
- Ичи тышына, сырты ичине келип калуу, аласалуу, оодарылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Козубектин найзасын, / Уутаң тартып алганча, / Алабек жетип бир койду, / Аңтарылып атынан, / Манжу Уутаң торойду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
салганда, / Тизеден жерге малынып, / Жер чыдабай жарылып, / Топурак учуп, тоз учуп, / Тунарыктап боз түшүп, / Жердин бети жарылып, / Казан каптай нечен таш, / Аңтарылып торойуп, / Башбагып жерден коройуп, / Тизе бойу көрүнүп, / Нечени чыкты соройуп, / Түбү менен өнгөн чий, / Карарып калды торойуп, / Кээ бир таштар көмүлүп, / Ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Атын уккам Алмамбет, / Тегинде хандын уулу экен, / Телегейи тең экен, / Кара баштуу пендеден, / Кашкайа жалгыз эр деген, / Жашы жыйырма сегизде, / Аңтарылбас бел деген” / Агеркеч келип бир жолу, / Аруукеге кеп салып, / Айтып жүргөн иш экен, / Ошол үчүн Арууке, / Алмамбет жайын билчү экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Толгой баскан жеринде, / Топурак топ-топ үйүлгөн, / Каңтара баскан жеринде, / Казан каптай кара чым, / Аңтарылып көрүнгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Капкара болуп келбети, / Тешиги жок түбүндө, / Ал чүпүрөк калтадай, / Аңтарылып кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →