аңтара

китептерде 107 жолу, 9 китепте
  1. Ичин сыртына келтирүү, тескерисинен оодаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Уутаң капыр жеткени, / Козубектин атынан, / Аңтара сайып кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алты курдай беттешип, / Аңтара сайып Дөрбөндү, / Эр Чигитей баш кести. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…чаңдап, / Эми жетет экен, деп, / Балбандары качканда, / Байкап турган Дабытай: / — Элебей калсын Кененим, / Сен, Кесилет, бар, — деди, / Аркасынан туйдурбай, / Аңтара сайып сал, — деди, / Он миң балбан бирге бар, / Туш- тушунан каман сал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Кашында турган Ажыбай, / Алыбайдын миңгенин, / Жетелеп келип бергени, / Ат берип кайра тартканча, / Ажыбайды ал Кежи, / Аңтара сайып кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайра имерип Куйалы, / Аңтара түртүп жиберип, / Как бооруна найзаны, / Катуу кыйын муштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →