аңса
- Суусоо, каны катып суусаган абал.
- Катуу ынтызарланып эңсөө, самоо, дегдөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ак кементай жамынган, / Буурул мурут чалкайган, / Мингени жорго чайпалган, / Айдай бети нур тамган, / Ал кишини көргөндө, / Аңсабай киши турбаган!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чычканга кебек алдырбас, / Төштүк белдүү эр эле, / Алыстан аңсап айкөл шер, / Атайын мында келди эле, / Түшчүлүк жакын барганда, / Баатыр Манас келет, деп, / Төштүккө кабар болду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жабдынып калды Сейитек, / Орусханга барам, деп, / Аңсаганым Гүлнарды, / Алып келе калам, деп, / Кайнатам Орус баласыз – / Эркек уулу жок экен, / Учурашып жанам, деп, / Каргалдайды баш кылып, / Жолдош алды үч киши, / Гүлчоронун Акбала, / Аны алып жанына, / Аттангалы жатканда, / Кабарга келди бир бала.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Атын айтып эске алса, / Орто оокаттуу бай болгон, / Абамды аңсап сагынып, / Ак калпак кыргыз зар болгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аңсаганың Айчүрөк, / Алдыңда туура чыккан соң, / Кимге кабар салайын, / Кимди издеп табайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →