аңкылда
- Катуу добуш чыгарып үрүү, кишенөө, айкыруу (итке, жылкыга, эшекке карата).
- Үндү катуу чыгарып оройлонуу, оройлук кылып бакылдай берүү, катуу-катуу сүйлөнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…оолор козголуп, / Суу чайкалып чулкулдап, / Ак сазаң балык жылтылдап, / Кара суунун буткулда, / Жайнап жаткан канаттуу- / Каз-өрдөк учуп каркылдап, / Аңыр учуп аңкылдап, / Каракунас, көк кытан, / Таманын суудан тарта албай, / Канаттары салпылдап, / Асманга учуп чыга албай, / Суунун бети шарпылдап, / Коргошун, коло, чойун ок, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Акыл-насаат кеп айтам, / Агайын болгон кырк жигит, / Айрыкча Чубак сени айтам, / Мен атадан безген бир кулмун, / Акбалтанын Чубагы, / Аңкылдаба деп айтам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…дың кылган немедей, / Саның чаап шакылдап, / Көбүргөндөн жабырып, / Көтөрүп алып көөдөнүн, / Учуурчу каздай баркылдап, / Өзөндө сууну бойлогон, / Аңырдан бетер аңкылдап, / Кээ-кээде өзү ыржайып, / Кабаган иттей ажылдап, / Шамалда учкан чар карка, / Чөкө таандай чаркылдап, / Малайларын башкарган, / Кожойундай бартылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…арасууда балыктар, / Ойноктошуп шалп этип, / Каракуназ, жогжогдор, / Канаттары далп этип, / Каздын баары каркылдап, / Өрдөктүн баары баркылдап, / Аңырдын баары аңкылдап, / Илек-илек, көк кытан, / Сууну бойлоп салпылдап, / Балыктар көлдө кылтылдап, / Кундуздар сууда жылтылдап, / Молдо торгой, сандыгач, / Жаагын жанып таңшанат, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Каз-өрдөктөр үн салып, / Абалап учуп торгойлор, / Нечен түрдүү күү салып, / Таандар учуп кыйкылдап, / Турналары чуйкулдап, / Аңырлары аңкылдап, / Аккуулар учуп жаркылдап, / Асманда учуп бүркүттөр, / Таң чабыты калкылдап, / Бийиктен учуп кажырлар, / Тарп карашып далпылдап, / Алдында кузгун түшүптүр, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →