аңкый
- Ээн болуу, аңгырап бош калуу.
- Аңкаюу, таң калуу, делдейүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрө салып машыркап, / Аңкыйып карап калыптыр, / Аңгычакты артынан, / Алакең жете барыптыр, / Бакай менен Эр Манас, / Алмамбет, Чубак катарлаш, / Хандын кызы Каныкей, / Хан Бакайга барбады, / Алмамбет атын албады, / Айкөл Манас баатырдын, / Чылбырынан кармады, / Жалпысы түшүп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
деп, / Аңкыйып карап калышты, / Чыйпы, Мыйтык турган жок, / Каркештешип калганда, / Сыйкырчыдай урган жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →