аңда
- Түшүнүү, баамдоо, аң-сезимге кабыл алуу.
- Дайыма билип жүрүү, байкоо.
- Терс маанинин -ба мүчөсү менен келип, карама-каршы мааниде айтылат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эки колу боорунда, / Эр баланын жолунда, / Эңкейип хандын турушу, / Аңдаганга сонун да.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Дабытай аңдап бул кепти, / Өтө жаман ачуусу, / Келгендей айтты бир кепти: / — Испандын ханы Ачакан, / Адам айтар кеп эмес, / Сен айтканың байатан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…алыптыр, / Манасына жеткизбей, / Мабу кулду алам деп, / Акимсинген буруттун, / Башына балаа салам деп, / Тору айгыр менен каргытып, / Артынан чаңын баргытып, / Аңдабай жөнөп калыптыр, / Акбалтанын Чубагы: / “Алдында кетти арстан, — деп, / Артынан кетти Алма, — деп, / Нескара кетти аркадан, / Өткөзө пейли жаман — деп, / Коңурб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Орусхандын бул кебин, / Аңдап турган Гүлчоро, / Кулдук ура калганы, / Гүлнар кыздын жанына, / Айчүрөк басып барганы, / Кулакка иймек салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Аңда досу айтат:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →