аңгыча

китептерде 452 жолу, 10 китепте
  1. Бир аз убакыт өтүп-өтпөй эле; ошентип турганда, ошол арада.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сегиз хан элин чакырып, / Аскер жыйнап жам кылып, / Тегеректеп кыргызды, / Алабы деп кар кылып, / Баралы бирге дегенбиз, / Бадакшанга чогулуп, / Аңгычакты Каракөз, / Бактыбайга катышып, / Бейкут жаткан кыргыздын, / Баарына кабар угузуп, / Катын алды Жасанды, / Калкын кылды каранды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Темири учуп асманга, / Күн чагылып жалтылдап, / Кимибизге түшөт, деп, / Башына калкан жамынып, / Аскердин баары калтылдап, / Аңгычакты болбоду, / Талананын башына, / Чапкан балта чакылдап, / Айта- буйта кылгынча, / Ана- мына дегинче, / Ачып көздү жумганча, / Андас тууган Кененим, / Алтымыш койуп өттү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жортуулчу келген экен деп, / Ашыгып калдым мен жаман, / Аңгычакты болбоду, / Төөлөрдү чиркеп колбутуп, / Көчү чыкты аркадан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Аңгыча Бурмакем: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Аңгыча эки өгүзү чарчап калат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →