аңгыра
- Оозду аңырдай ачып бакыруу, аңылдоо, өкүрүү, өңүлдөө.
- Эч ким, эч нерсе жок болуп ээн калган абал; бош калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошондо серпилип карап Семетей, / Жанындагы балдарга: / “Чапкылатпай эшикти, / Ээлеп алып тешикти, / Аңгыратпай айдап ий, / Эшиктеги эшекти!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бар көргөнүң аңгыраган боз талаада жайылып жаткан кой.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Айгырлары аңгырап алыша түшүп, бири-бирин тырактап куушуп кетет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →