аңгеме

китептерде 34 жолу, 8 китепте
  1. Чогулуш, топ, жыйын.
  2. Маек, сыр чечишип сүйлөшүү.
  3. өт. Чыр, чатак, калаба.
  4. Кандайдыр бир окуянын, болгон жаңылыктын баяндамасы.
  5. Ар нерселер жөнүндөгү кабар.
  6. адаб. Кандайдыр бир окуя жөнүндө жазылган, көлөмү анчалык чоң эмес адабий чыгарма.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аңгеме-дүкөн кураштык, / Жүргөн жөндү сураштык, / Атбашыдан беш киши, / Келаткамын сизди деп, / Алтымыш нарга дөдөлөп, / Актап күрүч арттырып, / Келайтканмын жесин деп, / Таласка жакын калганда, / Учурады Аккубак, / Келайтыптыр сизди издеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аңгеме болуп алардын, / Айтылып калды кептери. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Абалкы тойду салт кылып, / Аңгеме кылып айтышып: / “Каныкейди алаарда, / Калың мал батпай сай-сайда, / Аңтара басып Букарды, / Астын-үстүн кылганы, / Топурак учуп, боз түшүп, / Жут болгону тас калды, / Дагы айдап келеби, / Ошончолук көп малды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыз көрүнө түшкөндө, / Атынын башын бурганы, / Аңгеме дүкөн курганы, / Кыздын дайынын сурады: / — Пери кызындай кыз бала, / Эмне кылып турасың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бир аз сабыр кылыңар, / Аңгеме болоор мунуңар, / Сартбайдын жагын угуңар, / Маңгыт, маңгул бир тууган, / Кара калпак, түркмөндү, / Ээлеп маңгыт эл турган, / Бадыкүл деп эр тууган, / Элге сал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →