аң2
- аңч. Уу кылына турган бардык жаныбарлар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Алда кандай элес, — деп, / Аңдашым аны керек” – деп, / Тиктеп калды Чигитей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…, / Каскактын учун кан кылды, / Кара жерди май кылды, / Коросон менен испанга, / Кең дүйнөнү тар кылды, / Бөлүнүп чыкты эл үркүп, / Кайра качып дүркүрөп, / Жер аңга түшүп кетиптир, / Жүз жетимиш сүрдүгүп, / Ат ойнотуп сыздырып, / Эр Бактыбай бараткан, / Көрө салып Ачакан, / Байкап турган кашаттан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Түзөңдүн болот аңдары, / Токойдун болот каманы, / Беш манжаңды карап көр, / Бардыгы текши турабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аңчылап жүрүп Акун хан, / Ушул кызды тапканы, / Атын койуп Айчүрөк, / Асырап аны бакканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жүргөн экен хан Кыйаз, / Аң уулаган баштанып, / Канчорону көргөндө, / Хан Кыйаз кетти кубанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →