аял1
- Зайып, эрге тийген ургаачы, эркектин жары, жубайы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Мындан башка дагы бир аял жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Катындардын бышакташын көрсөң эми көр: Кантыке деген бир аял биз келгени көзүнүн жашын тыйбады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир күнү кандын аялы:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Айтуусу боюнча жесир аял шакекти кошуп, тасторконду алып барат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Кандын баласы күндө келип, баягы мурунку аялына кордук көрсөтө берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →