аябай
- Эң эле, абдан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аманат жалгыз бир жанды, / Кылга байлап таштады, / Жан аябай Бактыбай, / Жаман уруш баштады, / Анткени менен чоң калмак, / Анча-мынча шашпады, / Күүгүм кирип аңгыча, / Бөлүнүшүп кайтканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…арданып бакырып, / Кабыландай капшырып, / Гүлчорону жапырып, / Калба салган жери ошол, / Кабыл алып Гүлчоро, / Кайра тарткан жери ошол, / Алдындагы тулпарга, / Аябай камчы урду эле, / Учкан куш менен жарышып, / Семетейдин алдына, / Барып чоро турду эле, / Кепти мындай урду эле, / Келгениң арзан жоо эмес, / Адам болжоор доо …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ал силер үчүн кашык канын аябайт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Хан аябай кубанып, баланы мончого түшүрүүгө буйрук берип, андан кийин жакшылап кийинтип, тамакка тойдуруп, анан кооз жасалган бөлмөгө жаткыртып койду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Бир күнү Султаналы баласына той берип шаардын падышасын вазирлери менен чакырып ааламда жок даамдарды тасторкон жасап, аябай тан калтырды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →