аюу

китептерде 42 жолу, 3 китепте
  1. Дүңкүйгөн чоң денелүү, калың жүндүү, сүт эмүүчү жырткыч айбан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Отуз болсун санаты, / Кашкулак, суур карачы, / Аюу эки, ит жети, / Бүркүт бир, бөрү бир, / Эркек эшек төрт болсун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Карыган аюу! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Аюу көзүнүн от чагышып кокуйлап ордунан ыргып турат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Аюу менен жолборс буга ынанып калышты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Аюу уктай албай жатса, – түлкү кыртылдатып бир нерсе жегендей болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →