ашыгыш
- Кечиктирүүгө болбогон, шашылыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Перилер жетти, ашыгыш, / Алда эмне болду деп, / Турган экен шашылыш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…таптым, дейт, / Аркасынан алдырап, / Мен да катуу чаптым, дейт, / Андан өттүм алдырап, / Карап көрдүм мен байкап, / Эрендиги, эрдиги, / Бир кишиче бар, деди, / Ашыгыш келген жумушум, / Эшим аке ал, деди, / Жаза карап салдымбы, / Изин өзүң чал, деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Караңгыда жүрүпсүң, / Карбаластап келипсиң, / Түнүчүндө жүрүпсүң, / Дүпдүрөңдөп келипсиң, / Түсөрүн качып, түн катып, / Өтө ашыгыш жол басып, / Хандан келген кат барбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Токсон күн кылсын уруксат, / Ашыгыш болсо сиз жактан, / Ашыкпаса Чынкожо, / Алты ай кылсын уруксат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…үп байкады, / Келаткан эки караанды, / Оогандын ханы Бакдөөлөт, / Кыйын сынчы өткүр көз: / Утур чыккан адамдын, / Бири кары, бири жаш, / Карбаластап келатат, / Ашыгыш иши бар чыгат”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →