ашуун
- Белгилүү өлчөмдөн бир аз көп, ашыгыраак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Он беш ашуун күн болду, / Мен ал жерге баргалы, / Асыл эрдин көзүнө, / Көрсөтпөдүм карамды, / Күндө тыным алдырбай / Түндө чырым алдырбай, / Же чөпкө атын чалдырбай, / Жаман экен Көкбөрү, / Айлакер экен Каракөз, / Жаңылап киши чыгарып, / Кыйнады Асыл баланы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жыйырма ашуун калдайы, / Алпы болуп доо болуп, / Ат көтөргүс жөө болуп, / Нечени бар андайы, / Дуудуу менен доотайы, / Эсептеп адам билгисиз, / Кара Черүү калганы, / Эсен ха…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Биз жөнөйлү дегенде, / Тазкара менен Чойтолоң, / Жандары калбай сүйүнөт, / Тапак чыкты күркүрөп, / Аттанды аскер дүркүрөп, / Булар жүрдү жол менен, / Кырк миң ашуун кол менен, / Баатыр Тапак, Чойтолоң, / Тазкара менен Конушбай, / Кубанышып келайтат, / Шер Сейитим зор менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Канчоро менен Чачыкей, / Алдырып келди коргонго, / Элүү миң ашуун эл турду, / Тегеректеп ошондо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…леш болгон ал элге, / Кыргыздан кыйла бар болуп, / Жаңы бийи Байтерек, / Кыргыздын уулу ал болуп, / Калбай кыргыз кел деди, / Ошол жерге шай болуп, / Тогуз жүз ашуун бар экен, / Келип калды жам болуп, / Соогатка кыргыз алгын деп, / Айдатып берди колбутуп, / Баш-айагы ошол той, / Кырк беш күнү болгону, / Толуп калган убагы, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →